Башкы бетСууну эсептегичтер

Сууну эсептегичтер

Европа реконструкциялоо  жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жана Өкмөт Швейцария аркылуу Швейцария мамлекеттик секретариаты экономикалык маселелер боюнча (SECO) Ош шаарынын турак жай секторунда сууэсептегичтерорнотула баштады. Туран кичи району «Ош шаарында суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоорунун биринчи этабында пилоттук район болду, бул райондун турак жай секторундагы  3600 абонентке сууэсептегичтер акысыз орнотулду. Компания бул абоненттерге анык чыгымдалган суу боюнча акы төлөө эсептерин тапшыра баштады.

Текшерүүчү  адам сууэсептегичте жазылган маалыматтарды компьютерге өткөрөт, ошондуктан эсептегич жайгашкан атайын кудукчаны ачууга зарылчылык жок.

Европа реконструкциялоо  жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун экинчи этабында Ош шаарынын башка кичи райондорунун көп кабаттуу үйлөрүнүн батирлеринде жана менчик үйлөрдө суу эсептегичтерин орнотуу пландалууда. Биз тургундарды суу эсептегичтерин орнотуу жөнүндө кабарлап турабыз.