Башкы беткомпания жөнүндөКомпания жөнүндө

Компания жөнүндө

«Ошшаарсууканал» Ош муниципалдыкишканасы -  Ош шаарынынмэриясынынменчигиндежанакарамагындатурганчарбалыкэсепишканасы болуп саналат.

 

Ош шаарынборборлоштурупсуумененкамсыздоонун бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы

Ош шаарынмамлекеттик стандарттардын талаптарына жооп берген ичүүчү суу менен борборлоштурупкамсыздоо иштери 1952-жылы башталган.

Шаардын Түштүк-Чыгыш районундагы азыркы насостук станциянын аймагында жайгашкан  жер алдындагы булактардын суулары ичүүгө жарактуу суу катары пайдаланылган, ал суу тарткыч боюнча агып барып, шаардын тургундарына жеткирилген. Ичүүчү суунун көлөмүн скважинаны бургулоонун эсебинен көбөйтүшкөн, бирок суу дайыма эле жетишсиз көлөмдө болгон. Ушуга байланыштуу ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алуу чечими кабыл алынган. Ак-Буура дарыясынын суунучогултууаянты2530 км²,суунун жылдык орточо агымы 690 млн.м³түзөт.

1965-жылы Ош шаарында Жеңил өнөр жай министрлигинин пахта иштетүүчү комбинатынын курулушуна байланыштуу канализациянын борборлоштурулган системасы жана канализация саркындысын тазалоо башталган. Суткасына 20 миң м3өндүрүштүк кубаттуулугу менен тазалоочу курулмалардын (КТК- канализацияны тазалоочу курулмалар) алгачкы комплекси шаардын түндүк четинде курулган.

1977-жылы суткасына 80 миң м3өндүрүштүк кубаттуулугу менен тазалоочу курулмалардынэкинчи комплекси курулган. Суткасына жалпысынан 100 миң м3суу тазаланган, тазалоо принциби – канализация саркындысын толук биологиялык тазалоо жана тазаланган сууларды Ак-Буура дарыясына түшүрүү. Азыркы күндө суткасына 80 миң м3өндүрүштүк эң жогоркукубаттуулугу менен канализациянын тазалоочу курулмаларынын экинчи комплекси гана иштөөдө.

1978-жылы «Озгор» суутазалагычстанциясынын 1-кезеги курулган. Суу дарыя башындагы плотина аркылуу Озгор айылында жайгашкан суу тазалагыч станциясына түшөт, ошондуктан станцияга айылдын аталышы берилген. 1-кезек Ош шаарын 50 миңм³сууменен камсыздаган.

1991-жылы «Озгор» суутазалагычстанциясынын 2-кезеги ишке киргизилген, ал Ош шаарын суткасына 130 миңм³ичүүгө жарактуу сууменен камсыздайт.

Ош шаарында текстиль комбинатынын курулушу менен жер алдындагы булактардан суу алуучу Мады суу алгычы жана 426 ммдиаметрдеги болот түтүктөрдөн 2 суу тарткыч курулган. Мады дренаждуу суу алгычыОшшаарсууканалынын балансына 1996-жылы өткөрүлгөн.

Өлкөбүз эгемендик алгандан кийин көптөгөн долбоорлор ишке ашырылбай калды. Суу өткөрүүчү жана канализациялыккурулмаларкурулбай калды. Негизинен узундугу жана диаметри анчалык чоң эмес суу өткөргүчтөр курулуп жатты. Мурда курула башталган суу өткөргүчтөр жана коллекторлор курулуп бүтүп, турак жайларга кошулду.

Мурдагы өнөр жай ишканалары акционердик коомго айланып, өздөрүнүн суу менен камсыздоо жана канализация системаларынан баш тартып жатышты. Натыйжада«Ошшаарсууканал» Ош муниципалдыкишканасыжарымжартылайбүлүнгөнсистемалардыөз карамагына алып тейлөөгө мажбур болду.

 2008-жылдан 2012-жылга чейин Дүйнөлүк банктын каржылоосунда- «Калинин»массиви, «Достук» кичи району, Туран району сыяктуу алыскы жаңы конуштарды ичүүгө жарактуу суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылды, ошондой эле № 5, №4 насостукстанцияларреконструкцияланды.

Дүйнөлүк банктын «Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы» долбоору

советтик мезгилде курулган кабаттуу имараттары бар райондордун (жаңы конуштардын) инфраструктурасын жакшыртууга багытталган, мындагы негизги инфраструктуранын жоктугу жана начар турак жай шарттары көпчүлүк элдин жакырчылыгынын негизги фактору болуп калды. Бул долбоорго суу менен камсыздоо жана канализация системаларын куруу камтылган.

Оңдоо жана реконструкциялоо үчүн атайын жардам көрсөтүү боюнча «Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Базар-Коргон айылынын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын жакшыртуу» Азия Өнүктүрүү банкынын долбоору 2012-жылы башталган.«Ош шаарынын суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу» долбоорчосу төмөнкүлөрдү камтыйт:

  1. «Плотина» суу алгычында инфильтрациялыкгалереяныкуруу; жаңы инфильтрациялыкгалереядан «Озгор» суутазалагычстанциясына (СТС) чейинжаңы суу тарткычты куруу; «Озгор» СТСдахлоратордуреабилитациялоо;
  2. Кыш заводунун районунда жайгашкан 6000 м3сыйымлдуулуктагырезервуарды реабилитациялоо.

Европа реконструкциялоо  жана өнүктүрүү банкынын долбоору 2012-жылы башталган. Ал эки этапта ишке ашырылууда, биринчи этабы 2016-жылы аяктады. Экинчи этабы 2017-жылдын күзүндө башталып, 2019-жылдын аягына чейин уланат. Долбоордун алкагында төмөнкү иштер аткарылды:

 

Долбоордун экинчи этабында төмөнкүлөр пландалууда:

Биологиялык тазалоочу курулмаларды реабилитациялоо (2-кезектеги радиалдыктундургучтар,аэротенк-тундургучтар, насостук-аба жиберүүчү станциялардын блоктору (НАСБ);

- Төрт насостук станцияларды реабилитациялоо;

- Ак-Тилек, Амир-Темир жанаДостук райондорунда сууну эсепке алуу шаймандарын орнотуу;

- Лабораториялык жабдууларды сатып алуу.

 

Ош шаарын суу менен камсыздоо

Ош шаарын ичүүчү суу менен«Озгор» суутазалагычстанциясы, «Мады» сууалгычыжана№ 7 жана №5 эки насостук станциялары жабдыйт.

Ош шаарынын 70 пайыз тургундары - бул Амир-Темур, шаардын борборунун, Туран, Жапалак, ХБК«Манас – Ата», Курманжан-Датка, Сулайман-Тоо, Керме-Тоо, Достук, Ак-Буура, Алымбек-Датка райондорунун тургундары ичүүчү сууну «Озгор» станциясындатазаланганданкийин Ак-Буура дарыясынан алышат.

2016-жылы «Плотина» сууалгычыишкекиргизилди,андагы суу «Озгор»суутазалагычстанциясында тазаланат.

Суу тазалагыч станциясында сууну ичүүчү суунун сапатынын стандарттарына ылайык даярдашат, бул жерде химиялык реагенттердин жардамы менен тазалоо, дезинфекциялоо, тундуруу жана чыпкалоо сыяктуу операциялар жүргүзүлөт.

Сууну дезинфекциялоо - жугушсуздандыруу –  сууну микроорганизмдерден (вирустардан, бактериялардан, ыйлаакчаларданж.б.) тазалоо максатында жүргүзүлгөн чаралардын комплекси.

 «Озгор» сууну даярдоо станциясы суткасына 180 миң м3 ичүүгө жарактуу суу даярдай алат. Ичүүчү суунун сапаты Кыргыз Республикасынын коммуналдык  суу менен камсыздоонун жана канализациянын эрежелеринин талаптарына шайкеш келет.

Шаардын түндүк райондорунун тургундары: ХБК «Манас – Ата», Курманжан-Датка райондорунун, КалининжанаДостукмассивдеринин, анын ичинде Кара-Суу районунун шаар четиндеги айылдарынын тургундары ичүүчү сууну жер астындагы булактардан - «Мады» суу алгычынан жана №7 жана №5 насостук станцияларынан алышат.

Натыйжада  «Озгор»  суу тазалагыч станциясы суткасына 180 миң м3 ичүүгө жарактуу суу берет. «Озгор»  суу тазалагыч станциясынан сырткары Ош шаары ичүүчү сууну төмөнкү станциялардан алышат:

Суу өткөрүүчү тармактардын узундугу 520 км чейин жетти. Суу өткөрүүчү тармактар суу менен камсыздоонун төмөнкү 10 аймагына бөлүштүрүлгөн: Амир-Темур, шаардынборбору, Туран, Жапалак, ХБК «Манас – Ата», Курманжан-Датка, Сулайман-Тоо, Керме-Тоо, Достук, Ак-Буура, Алымбек-Датка райондору.

Түтүктөрнегизинен – болот, темир бетон, чоюн, асбест, ошондой эле полиэтилен сыяктуу материалдардан жасалат. Суу өткөргүч тармактарында түрдүү диаметрдегитүтүктөр колдонулат. Тилекке каршы, суу менен камсыздоо тармагында эскилиги жеткен жана бышык эместүтүктөр көп кездешет, аларды эксплуатациялоо мөөнөттөрү бүткөн, ошондон улам тармактагы суунун жоготуулары 70%га чейин жетет.

1 жана 2-көтөрүлүштөгү 16 насостук станциялариштөөдө. Шаардын жайгашуу рельефине байланыштуу суунун 40% насостор менен берилет, 60% өзү агып кирет. Насостор  көп кабаттуу көп батирдүү үйлөргө да сууну көтөрүп чыгарат. Ош шаарында таза сууну сактоого 18 резервуар бар. Элге орто эсеп менен суткасына 43 740 м3, бюджеттик уюмдарга -38815 м3,  өнөр жай жана коммерциялык уюмдарга 64 399 м3 суу берилет.

Шаарда 37,9 миң адам көчөдөгү колонканы, 37,7 миң адам короодогу колонкаларды, 47,8 миң адам жайлуу үйлөрдөгү крандан агып чыккан сууну колдонушат.

Ошондой эле 1 315  уюм жана ишканалар ишкананын абоненттери болуп саналат, анын 189 өнөр жай ишканаларынын, 269 бюджеттик уюмдардын жана 857 коммерциялык түзүмдөрдүн абоненттери.

Канализациялыктармак

Ош канализациялык тармагы– саркынды сууларды кабыл алып, чогултуп жана тазалоочу курулмаларгакуюштуруучутатаал система, бирок анын түтүк өткөргүчтөрү, коллекторлору, каналдары жана анын үстүндөгү курулмалары эскирген.

Борборлоштурулганканализация жана саркынды сууларды тазалоо системасы 1965-жылы курула баштаган, канализацияны тазалоо системасы эки кезектен турат. Суткасына 20 миң м3өндүрүмдүүлүгү менен канализацияны жана курулмаларды тазалоо системасынын биринчи комплекси азыркы кезде иштебейт. Суткасына 80 миң м3канализациялыксаркынды сууларды тазалоо кубаттуулугу менен курулмаларды тазалоо системасынын экинчи комплекси 1977-жылы курулган.

Курулмаларды тазалоо системасынын эки комплекси тең бирдей тазалоо принциби менен иштейт – канализациялыксаркынды суулар толук биологиялык тазаланат жана тазаланган суу Ак-Буура дарыясына төгүлөт.

Шаардагы канализациялык тармак темир бетондон, чоюндан, асбест цементтен жана карападан жасалган түтүктөрдөн турат. Түтүк өткөргүчтөр 1960-жылдан 1990-жылга чейин курулган. Канализацияны тазалоо системасы эскирди (моралдык жактан да). Канализациялык түтүк өткөргүчтөр иштөө мөөнөтүнүн ченемдери боюнча бир топ эскирди жана жалпы узундугунун дээрлик 50%ын алмаштыруу зарыл. Имараттарга капиталдык ремонттоо талап кылынат. Тазалоо процессинин айрым технологиялары жок, натыйжада тазалоо даражасы 65-70%га чейин гана жетет. Көптөгөн металл конструкцияларын алмаштыруу, турбокомпрессорлорду сатып алуу, биологиялык көлмөлөрдү оңдоп, тазалоо зарыл.

 

Шаарда нөшөрлөп жааган жаан чачын сууларын чыгаруучуканализация жок, көптөгөн жерде ирригациялык тармак да жок. Жаан чачын суулары канализациялык тармакка түшөт, ал эми канализациялык тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгү саркынды сууларды кабыл алууга мүмкүндүк бербейт, ушуга байланыштуу суунун өтүшү татаалданып, бөгөт коюлат.

 

Долбоор боюнча канализациялык тармактын саркынды сууларды өткөрүү жөндөмдүүлүгү - 100 миң м3болсо да, суткасына орто эсеп менен элден 32,6 миң м3, бюджеттик уюмдардан – 27,3миң м3жанаөнөржайжанакоммерциялыкишканалардан 14 миңм3, башкача айтканда жалпысынан 76,9 миң м3саркындысуулартазаланат.

Шаарда борборлоштурулган канализацияны 48 миңден ашуун адам колдонот, ошондой эле 269 бюджеттик уюмдар жана 600 коммерциялык түзүмдөр абонент болуп саналат.

«Ошшаарсууканал» Ош муниципалдыкишканасы - канализациянын тазалоочу курулмаларынын биринчи комплексин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.  Канализациянын тазалоочу курулмаларынын биринчи комплексин калыбына келтирүү төмөнкү иштерди аткарууга мүмкүндүк берет: