Башкы бетЖаңылыктарВосстановление водоснабжения и канализации Оша!

27.11.2017 Ошту суу менен жабдуу жана каналдаштыруу!

Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы жана бир катар эл аралык финансылык уюмдар жана кызматташуу программалары тарабынан каржыланган Ошту суу менен жабдуу жана каналдаштыруу системасын калыбына келтирүү долбоору уланууда

 

Тейлөө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жагынан алып караганда  суу менен жабдуу жана агынды суулардычыгаруу системасы жетиштүү эмес темпттер менен өнүгүүдө. Ошшаарсууканал компаниясынын маалыматы боюнча шаардын калкынын 20% азыркыга чейин борборлоштурулган суу менен жабдылган эмес, ал эми 60% борборлоштурулганканалдаштырууга кошулган эмес. Шаардын суу мененборборлоштуруп жабдылган көптөгөн райондорунда суу белгилүү мезгилде гана берилет, бөлүштүрүү тармагындагы жетишсиз басымдан улам, шаардын бир катар жерлеринде көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабатында (4-кабаттан жогору) жашагантургундарды суу менен жабдуу үзгүлтүккө учуроодо.

Андан сырткары жылына20-30 күндөйАК-Буура дарыясынын киргил болуп, ылайланган мезгилинде суу менен жабдуу үзгүлтүккө учурайт. Каналдаштыруунун тазалоочу курулмаларында  агынды суулардын тазаланышы талапка жооп бербейт. Мындан сырткары жер үстүндөгү жана /же кыртыш сууларынын коллекторго жылжып кириши (инфильтрациясы)  да тазалоочу курулмаларына оорчулук тийгизүүдө. 2011-жылы Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы(ЕБРР) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен зайымдык каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол койду, ал каражаттарОшшаарсууканал тарабынан Ош шаарында суу менен жабдуу жана жана агынды сууларды тазалоону жакшыртуу боюнча долбоордун биринчи Фазасын ишке ашыруу үчүн Ош шаарынын Мериясына бөлүнүп берилет.

Долбоордун биринчи Фазасынын артыкчылыктуу инвестициялары:

IФазаны ишке ашыруу боюнча иштер 2013-жылдын июнунда башталып, аяктады.

Шаардын МэриясыЕБРРгеIIФазаныдаярдоо өтүнүчү менен кайрылды, анда IФазада каралбаган артыкчылыктуу кошумча инвестициялык иш-чаралар камтылган жана II Фаза 3 жыл ичинде ишке ашырылат.

IIФазаны каржылоогоЕвропа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы(ЕБРР) Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду менен (4,750 миллион Евросуммасында) жана Суу Фонду менен ( 125 миң Евро суммасында) өкүлдөө келишимдери боюнча4,875 миллион Евро өлчөмүндөгрант бөлүп берүүдө.

Инвестициялык программанын IIФазасын каржылоого Ош шаары Европа инвестициялык банкы (ЕИБ) тарабынан кошо каржылоодоЕБРРден 4,75 миллион Евро өлчөмүндө да насыя алат, бул суммадан 2,250 миллион Евро ЕИБден алынат.

Долбоордун экинчи фазасы ишке ашырылгандан соң, Ош шаарынын 84% калкы суу түтүгүнөн ичүүчү суу менен камсыз болушат, ичүүчү суунун сапаты бир топ жакшырат, элдин борборлоштурулганканалдаштырууга кошулуу деңгээли жогорулайт.

Долбордун экинчи фазасы ушул жылдын жайында башталды, аны ишке ашырууда төмөнкүлөр пландалууда:

-кайтарымдуутунма чөгүндү жана ашыкча активдүү тунма чөгүндү системасын;

-колдонулуп жаткан кайра пайдалануучу тундурмаларды реконструкциялоо;

-аэротенктерди реконструкциялоо;

 

Түрдүү маалыматтар боюнча борборлоштурулган суу менен жабдуу жана каналдаштыруу системасына тургундарды кошуу, ичүүчү суунун сапатын жана агынды сууларды тазалоо деңгээлин  эл аралык стандарттарга жеткирүү үчүн 219 миллион Евро көлөмүндө инвестициялар жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ЕБРР тарабынан коюлган талаптарга шайкеш келүү  үчүнОшшаарсууканал муниципалдык ишканасын башкарууну кайта жаңыча карап чыгуу талап кылынат.

 Инвестицияларды жайылтууну жана институционалдык чыңдоону колдоо боюнча эки долбоор – ыкчам жана финансылык башкарууну реформалоо, ошондой эле калктын маалыматтуулугун жогорулатуу долбоорлору август айында иштей баштады.